Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:26

Абхазия менен Россия аскерий келишим түзүштү


Жакында экинчи мөөнөткө кызматына киришкен абхаз президенти биринчи "чет элдик визит менен" Москвага келип, Кремлде президент Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жакында экинчи мөөнөткө кызматына киришкен абхаз президенти биринчи "чет элдик визит менен" Москвага келип, Кремлде президент Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Россия менен Абхазия жарнакташкан аскери база түзмөй болушту. Бул тууралуу келишимге Москвада кол коюлду. Грузия келишимди сынга алып, аны орустардын "оккупациясы" деп атады.

Келишимге эки тараптын коргоо министрлери кол коюшту. Ырасмий жөрөлгөгө орус жана абхаз президенттери катышты.

"Бул документтер Абхазия менен кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу биздин көз караштарбызга, ошону менен бирге биздин эл аралык милдеттенмелерибизге толук дал келет, - деп айтты орус президенти Дмитрий Медведев. – Эң башкысы-бул келишимдер Абхазиянын көз карандысыз мамлекет катары тынч өнүгүшүн камсыз кылат".

Өз кезегинде Сергей Багапш жалпы абхаз элинин жана жеке өзүнүн атынан чоң ыраазычылык билдирди. "Ушу жерде, Россиянын жүрөк толтосунда – Кремлде турганыбыз үчүн сиздерге ыракмат. Биз бу жерде таанылган мамлекет катары достордун, эмнелер болуп жатканын жакшы түшүнгөн адамдардын арасында турабыз", - деп кошумчалады ал.

Багапш ушул айдын башталышында президент катары экинчи мөөнөткө кызматка киришип, ошондон кийин "биринчи чет элдик визит" менен шаршемби күнү Москвага келген эле. Ал былтыр декабрдагы шайлоодо президенттин мандатын кайра утуп алды деп жарыяланган.

Таанылбаган республиканын коргоо министри Гарри Купалба келишим 49 жылдык мөөнөткө түзүлгөнүн, ага ылайык жакынкы келечекте абхаздардын бир нече жеринде биргелешкен база курула турганын Рейтердин кабарчысына маалымдады. Базаларга орустардын үч миңдей жоокери, алардын ичинде чек ара аскерлеринин бөлүктөрү жайгаштырылат. Орус аскер базасынын башкы штабы Сухумиден түндүктө, Гудата шаарында болот. Жаңы базаларга кайсы райондор кошуларын Купалба тактаган жок.

Москвада кол коюлган келишимди Грузиянын реинтеграция министри Темир Якобашвили мыйзамсыз пландар деп атап, сынга алды.

"Биринчи кезекте бул француз жана орус президенттери кол койгон алты пункттуу келишимдин одоно бузулушу болуп саналат. Экинчиден, эл аралык нормаларды көзгө илбей, ар кандай амал менен Абхазиядагы жана Цхинвал районундагы оккупациялык күчтөрдү сактап калуу аракетин билдирет",- деп айтты грузин министри.

Андан мурдараак грузин парламентинин спикери Давид Бакрадзе Абхазия менен Түштүк Осетия грузиндерди суверендүү аймагы экенин эске салып, аларга чет элдик аскер базаларын жайгаштыруу оккупация болорун айткан эле.

Евросоюз, АКШ, НАТО да орустардын аталган аймактардагы аскерий пландарын Грузиянын территориялык бүтүндүгүнө жана анын коопсуздугуна коркунуч келтирген кадам деп эсептешет.

Деген менен Абхазия жана Түштүк Осетия толугу менен Россиянын амирине карап калды. Москва аларды газ, мунай менен жабдып, экономикалык жактан жардамдашып, инвестиция жумшап, эки республиканын бүткүл территориясын, чек арасын, аэропорттору менен темир жолдорун көзөмөлдөй баштады.

Абхаздардын,түштүк осетиндердин көбү орус паспортун алып жатышат. Жакында Мамлекеттик дума Абхазияны Россия өз коргоосуна алгандан бери 200 жыл толгонун белгилеп, атайын билдирүү кабыл алды.

XS
SM
MD
LG