Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:02

Ынтымак Курултайын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети Курултайга оппозициялык партияларды, жарандык уюмдарды өздөрүнүн талапкерлерин активдүү көрсөтүүгө чакырык таштады. Айрым саясий партиялар болсо алдын-ала эле Ынтымак курултайынан баш тартышканын билдиришүүдө.

Ынтымак Курултайын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети өлкөбүздүн бардык саясий, анын ичинде оппозициялык партияларга, коомдук бирикмелерге, жарандык коомго, чыгармачыл жана илимий элитасына Ынтымак Курултайына президенттин квотасы боюнча катышуу үчүн татыктуу талапкерлерди активдүү көрсөткүлө деген чакырык менен кайрылды. Бул тууралуу уюштуруу комитетинин
мүчөсү Садыкбек Аблесов буларга токтолду.

- Кечээ күнү уюштуруу комитетинде караганбыз. Анан алар катышканга акысы бар. Делегат болгонго бардыгынын акысы бар. Уюштуруу комитетине талапкерлерин беришсин. Уюштуруу комитети тактап, президентке берет. Президент өзүнүн квотасы боюнча өзүнүн киргизген кишисин киргизет да.

Ордо кеңештин төрагасы Садыкбек Аблесов белгилегендей оппозициялык партиялардын чындыгында эле жер-жерлерде уюмдары бар болсо, алардын мүчөлөрү Ынтымак курултайына шайланып келсе болмок. “Тилекке каршы саясий партиялардын мүчөлөрү жер-жерлерде өздөрүнүн талапкерлигин көрсөткөн эмес” дейт С.Аблесов.

Маалыматка караганда, Ынтымак Курултайына делегаттарды көрсөтүү боюнча арыздарды, ошондой эле Курултайдын күн тартибин калыптандыруу боюнча сунуштарды, баамдоолорду жана пикирлерди уюштуруу комитетине 2-мартка чейин жөнөтүү зарыл.

Уюштуруу комитетинин мындай чакырыгын оппозициялык маанайдагы саясий партиялардын бардыгы эле кабыл алышкан жок. Айрым оппозициялык партиялар саясий бюролору менен кеңешип, бир жыйынтыкка келерин билдиришти.

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев болсо бийлик уюштуруп жаткан алдыдагы иш чараны саясий “фарс”
катары эсептеп, курултайга катышпай тургандыктарын айтты.

- Бул курултай Курманбек Бакиевдин Конституцияга каршы жүргүзүп жаткан иш-аракеттерин легитимдештирүү. Элдин пикирин анын пайдасына буруу үчүн багытталган пропагандалык, агитациялык трюк. Биз (“Ата Мекен” партиясы - авт.) катышпайбыз. Анткени мындай иш чараны саясий фарс, элди шылдыңдоо деп билебиз. Бул демократиялык институт эмес эле анын декорациясы болуп кала бермекчи.

Ынтымак курултайын уюштуруучулардын чакырыгында жарандык коомдун өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу көрсөтүлгөн. Бийликтин бул иш-чарасына катышар-катышпастыгын бейөкмөт уюмдар чогулуп, талкуулагандан кийин бир чечимге келишерин “Интербилим” уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева билдирди.

Анын пикиринде өлкө аймагында 200дөн ашуун бейөкмөт уюмдар иш алып барышканы менен бардыгы эле өз көз караштарын ачык айтып, бийликтин кетирип жаткан каталарына сын-пикирлерин билдире беришпейт.

А.Сасыкбаева “Ынтымак курултайына бийликке үн катпаган бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрүн шайлап коюшу толук ыктымал” деген ойдо.

- Чындыктан корккон, өз жандарын баккан бейөкмөт уюмдар көп да. Мына ошолор курултайга барышы мүмкүн.

Ош шаарынан укук коргоочу Изатулла Рахматуллаев беш бейөкмөт уюм биригип, Кыргызстан аялдар конгрессинин облустагы жетекчиси Карамат Абдуллаеваны Ынтымак курултайына делегат кылып шайлоого Ош шаардык жетекчилигине кат менен кайрылышса, алардын сунушун мэрия кабыл албай койгонун айтты.

- Бирок мэрияда курултайга талапкерлерди шайлаганда биз сунуштаган талапкерди четке кагып, өздөрүнүн талапкерин шайлашыптыр. Бейөкмөт уюмдарынын сунуштарын четке кагып коюшуптур.

Изатулла Рахматуллаев белгилегендей Ынтымак курултайынын уюштуруу комитетинин кайрылуусуна ылайык, бейөкмөт уюмдардын атынан Карамат Абдуллаеванын талапкерлигин кайра сунушташат.

Бийлик уюштуруп жаткан иш-чарага Бириккен элдик кыймылдын (БЭК) мүчөлөрү да катышпастыгын кыймылга мүчө “Улуу Биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаев билдирди.

Ал эми БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” берген маегинде 20-февралда кеңейтилген жыйын курушуп, 17-мартта чыныгы Элдик курултай өткөрүү маселеси талкууланарын белгиледи. Анын айтымында, Элдик курултайда отун-сууга тарифтерди төмөндөтүү, “Түндүк электро” ишканасын кайра кайтаруу жана башка курч маселелерди чечүү талабы менен президентке мөөнөт берилген чечим кабыл алынат.

“Эгерде Элдик курултайда коюлган талаптарды президент аткарбаса, элдин чечимине жараша ар кандай акциялар башталат”,-дейт А.Бекназаров.

Бийлик өкүлдөрү болсо учурда өлкөгө жагдайды реалдуу талдоо жана түрдүү социалдык, саясий, конфессионалдык жана этникалык топтордун диалогу зарыл болуп турганын белгилеп, Ынтымак курултайына өлкөнүн бардык аймактарындагы абройлуу адамдар топтолорун, курултайдын курамына оппозициялык маанайдагылар да кире аларын айтышууда.

"Азаттыктын" архивинен: Ынтымак курултайы көпүрө боло алабы?

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG