Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Жети-Өгүздүн эли француздар менен кантип достошту


Азамат Кадыралиев, артында Рөне Коня Жети-Өгүздөгү жолугушууда, 8-феврал, 2010-жыл.
Азамат Кадыралиев, артында Рөне Коня Жети-Өгүздөгү жолугушууда, 8-феврал, 2010-жыл.

Көл кылаасындагы Жети-Өгүз айлы Франциядан, болгондо да атактуу кызыл шарап чыккан Бордо аймагынан бир тууган таап отурат. Ортодо данекер болгон Азамат Кадыралиев – кыргыз-француз достук коомунун президенти.

Франциянын чыгышы алп тоолор, түштүгү санжыргалуу курорттор шурудай тизилген Жер ортолук деңизи, батышы учу-кыйырсыз мухит. Бул өлкө дүйнөгө киносу, Лувр музейи, шарабы, атыры, конягы, эжигейдин түркүн түрлөрү менен атагы чыккан. Мына ушундай телегейи тегиз өлкө менен ким да болсо жакындашкысы келет. Бирок Кыргызстанды билгиси келгендер да аз эмес. Көл кылаасындагы Жети-Өгүз айлы Франциядан, болгондо да атактуу кызыл шарап чыккан Бордо аймагынан бир тууган таап отурат. Ортодо данекер болгон Азамат Кадыралиев – кыргыз-француз достук коомунун президенти.

Жети-өгүздүк улан-кыздар мектепте.
Жаңыл Жусупжан: Азамат, Жети-Өгүз Франциядагы айылдар менен кантип шилекей алышып, боордош болуп калышты?

Азамат Кадыралиев: Бордодогу Пюжол-Сүр-Сироң (Pujols sur Ciron) жана Боом (Bommes) деген айылдарына лекция окуп барып калганымда, «Кыргызстандагы бир айыл менен туугандашсак» деп калышты. Oшол сунуш менен деген франциялык офицер, азыр Кыргызстанда жашап, кыргыздар тууралуу китеп жазып, сүрөт тартып жвргөн Рөне Коня (René Cagnat), биздин биримдиктин вице-президенти, кыргыздын күйөө баласы Давид Гаузер (David Gaüzère) үчөөбүз болуп, Жети-Өгүздө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен 8-9-феврал күндөрү жолугуп, франциялык айылдардын катын тапшырдык. Бизди Жети-өгүз районунун башчысы Саламат Керимкулов, Жети-Өгүз айлынын башчысы Нурлан Сатыбалдиев жана Турусбек Рыскыл уулу баштаган райондук кеңеш депутаттары кабыл алышты. Алар француздардын сунуштун колдоп, кызматташтыкка даярдыгын билдиришти.

Жаңыл Жусупжан: Жети-Өгүзгө эң жакын аэропорт кайсыл жерде?

Азамат Кадыралиев: Тамчы аэропорту болсо керек.

Жаңыл Жусупжан: Анда Бордодон түз эле чартер менен кызыл шарап алдырып, көлдүктөр ал жакка эми бышылган кып-кызыл кымызды чаначтап жөнөтүп калат турбайсыңарбы?!


Азамат Кадыралиев: Буюрса дейли. Билим берүү тармагында кызматташттыкты биринчи орунга коюп жатабыз. Жети-Өгүз айлынын мектебинде француз тили окутулат. Ошол мектепке окуу китептерин, окуу куралдарын жибердиргенге аракет кылабыз. Окуучулар, мугалимдер менен алмашууга мүмкүндүк болоор. Андан тышкары, спорт, туризм, айыл-чарба тармактарында да кызматташттык болот деп үмүттөнөбүз.

Солдон оңго Жети-өгүздүк өкүлдөр, төртүнчүсү Азамат Кадыралиев, жанында кат кармаган Давид Гаузер.


Жаңыл Жусупжан: Жети-Өгүздү франкофониянын (француз тилин жана маданиятын сүйүүчүлөрдүн) мекени деп уктум эле, демек француздар ал жакка барса, котормочулардан кыйналбаса керек, мына өзүңөр азыр Францияда докторлук окууда французча окуп жатасыз. Кандайча жети-өгүздүктөр бул тилге шыктуу болуп калышкан?

Азамат Кадыралиев: Бизде мурда эле француз тилин окутчу. Бишкекке барып, бул тилди үйрөнүп келип, Франциянын маданияты менен жергиликтүү улан-кыздарды тааныштырып келаткан замандаштарыбыз көп. Кыргыздарды гана Франция менен тааныштырбастан, кыргыздардын салт-санааларын, адабиятын, жалпы эле маданиятын Францияга тааныштырсак деп жүргөндөр да аз эмес.

Жаңыл Жусупжан: Силердин кыргыз-француз достук биримдигинин ишмердиги кандай болуп атат?

Пюжол-Сүр-Сироң айлы

Азамат Кадыралиев: Францияда азыр бир миңге жакын кыргызстандык бар. Биригип алып, Кыргызстандын маданиятын таанытуу, тажрыйба алмашуу жаатында иштеп жатабыз. Кыргызстан жөнүндө уккандар бар, бирок жакындан билгендер аз. Жакын арада, балким май айына Франция-Кыргызстан Экономикалык Форум уюштурсак деп ойлоп жатабыз.

XS
SM
MD
LG