Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:40

Кыргызстандык спортчу О.Решеткова 54-орунду ээледи


Канаданын Ванкувер шаарында өтүп жаткан кышкы олимпиадада лыжа боюнча мелдеште Кыргызстандык спортчу Ольга Решеткова 54-орунга илинди. Ал он жетисининен он сегизинчи февралга караган түнү 1,5 чакырымдык аралыкты 4 минут 32,96 секунд убакытта басып өтүп, жакшы натыйжа көрсөтө алган жок.
Кыргызстандык дагы бир спортчу Дмитрий Трелевский 21-февралда мелдешке катышат. Бул тууралуу мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жазгүл Аликеева “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG