Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:04

БЭК элдик курултайды өткөрүүгө имарат сурап кайрылды


Парламенттин СДП фракциясынын маалыматына караганда, Элдик курултайды уюштуруу комитетинин башчысы Роза Отунбаева маданият агенттигинин жетекчиси Ибрагим Жунусовго өтүнүч менен кайрылды. Анда, “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинде каралган «Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин маселелери, дагы башка маанилүү маселелер боюнча кыргыздардын тарыхый ыйык салты болуп саналган элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуулугу» тууралуу жобонун негизинде, жарандардын сунуштарын эске алып, Бириккен элдик кыймыл 2010-жылдын 17-мартында Бишкек шаарында Элдик курултай өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул иш-чарага баардык региондордон, коомдук уюмдардан, саясый партиялардан көп өкүлдөр катышаары күтүлүүдө. Ушуга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 17-мартында Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын же Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрынын чоң залын берүүңүздү өтүнөм. Бул өтүнүчкө жакын арада расмий жооп аларыма ишенем”,- деп айтылат. (AJ)

XS
SM
MD
LG