Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

К. Кадыров: Жогортон мени камоо буйругу түшкөн экен


Кубанычбек Кадыров президенттик шайлоо күнкү окуяда. Балыкчы, 23-июль, 2009-жыл
Кубанычбек Кадыров президенттик шайлоо күнкү окуяда. Балыкчы, 23-июль, 2009-жыл

Балыкчы жаңжалынын айынан ЖКнын депутаттык макамынан ажырап, кылмыш иши козголгон Кубанычбек Кадыров учурда Швеция мамлекетинде жашап жатат. СДПнын мүчөсү менен Ысык-Көлдөгү кабарчыбыз Рита Нурманбет кызы телефон аркылуу байланышты.

- Кубанычбек мырза, саламатсызбы?

- Саламатчылык, сиздерди угуп атам.

- Кыргызстандан эмнеге чыгып кеттиңиз?

- Кетпейт болчумун, анын себеби, президент «Бул баланы токтотопосоңор элди көтөрүп ийет экен» деп, түз эле айтыптыр. Мен сөзүм кургак болбош үчүн бул боюнча Бишкектен билдирген адамдарды айтып коюшум керек. Курманбек Бакиевдин Коопсуздук кызматындагы баласы Марат Бакиев Балыкчы сотунда ишти карап аткан сот Дүйшөмбиевди Бишкектеги сот департаментине “акча бөлүштүрүп атабыз” деген шылтоо менен чакырып буйрук бериптир, “Балыкчы окуясы менен камалып отургандар соттолсун, биз Кадыровду камап беребиз” деп. А ошол адамдар Бакиевдин бийлиги кетээр менен бул сүйлөшүүнү ачыктап, бетине коюп беребиз деп атышат...

- Сиз азыр качкын макамын алдыңызбы?

- Мен азыр Швеция мамлекетинде жашап атам. Баш паанек алуу маселеси азырынча толук аягана чыга элек. Ошондуктан бул суроону токтото турсак.

- Ал жакта да СДП партиясы бар дешет го.

- Социал-демократтардын жумушчулар партиясы деген бар экен, алардын өкүлдөрүнө жолуктум. Мени март айында өтүүчү чон курултайына расмий түрдө чакырышты. Ага Швеция парламентинин депутаттары да барат. Мен ошондо Кыргызстандагы саясый абал боюнча билдирүү таратам.

- Бизде Кадыров Швецияда оппозициялык топ түзүп атыптыр дегендей сөз чыгып атат...


- Мен бул жерде журналист Сыргал Абдылдаев жана укук коргоочу Качкын Булатовду жолуктуруп, кыргыздардын диаспорасын жана атайын маалыматтык сайт ачууну пландап, азыр ошонун үстүндө иштеп атабыз.

- Эми Кыргызстанга көпкө чейин кайтып келбейсиз го?

- Буюрган күнү барабыз. Эми бул жакта туруп да Кыргызстанга көп жардам бериш керек экенин билдим

- Рахмат маегиңизге.

Кубанычбек Кадыровдун кайрылуусу

XS
SM
MD
LG