Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

Биринчи ТИМ К.Дикамбаевдин сөөгү жерге берилди


Бүгүн кыргыздын биринчи тышкы иштер министри Казы Дикамбаевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө коюлду. Аны акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү Улуттук опера жана балет театрында өтүп, ага жакын туугандары, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, замандаштары катышты.

Кыргыз ССРнин тышкы иштери боюнча биринчи эл комиссары Казы Дикамбаев 97 жаш курагында 16-февралда каза болду. Ал 1913-жылы Жети-Суу облусунун Пржевальск уездине, азыркы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Ашхабад шаарында институтка даярдоо курсунда окуп, басмачыларды жок кылууга катышкан. 1937-жылы Ташкентте Орто Азиянын экономкиалык-пландоо институтун аяктаган. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пландоодо башкы экономист, төрага орун басары, Фрунзе облпланынын төрагасы болуп иштеген. 1944-жылы СССРдин Тышкы иштер министрлигинде стажировкадан өтүп, 1944-жылдын июль айынан 1949-жылдын 27-майына чейин Кыргыз ССРнин тышкы иштер министрлигинин биринчи эл комиссары, кийинчерек Кыргыз ССРнин министрлер кеңешинин төрага орун басары, Өнөр жай жана курулуш министри, Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетинде өнөр жай жана курулуш боюнча катчы, 1958-жылдан 1961-жылга чейин министрлер кеңешинин төрагасы болуп эмгектенип, СССР Жогорку Кеңешинин 1-4-чакырылышына депутат болуп шайланган. 1986-жылы пенсияга чыккан. (AJ)

XS
SM
MD
LG