Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

"Ата мекен": Кыргызстан блокадада калды


Мындай аталыштагы билдирүүнү бүгүн “Ата мекен” партиясы таратты. Билдирүүдө эки жыл мурда президент Курманбек Бакиев өзүнүн жаңы Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүү концепциясын жарыялагандыгы, анда “Кыргызстан - элиталык огород” экени айтылган. “Ошол эле жылы Кыргызстан айыл чарба кризисине кептелип, буудайды, унду Казакстандан сатып келе баштадык. Эл аралык мамилелерде К.Бакиев бул концепциясын иш жүзүнө ашырыш үчүн эч кандай чараларды көрбөдү. Казакстан, Өзбекстан «колорад жуктары» бар деген шылтоо менен Кыргызстандын картошкасын киргизбей койду, малга оору жайылды деген шылтоо менен сүттү, этти киргизген жок. Кыргызстандын этин Орусия да өз аймагына өткөрбөй койгон. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн кыргыз өкмөтү А.Жапаровдун оозу менен, ар бир койго, ар бир малга паспорт беребиз деп аракет кылып жатышат, ага 1-2 жыл кетет. Ошентип санитардык-ветеринардык талаптарга жооп бергенде да Казакстан менен Орусиянын рыногуна киргенге жаңы тоскоолдуктар пайда болот” деп жазылат билдирүүдө.
Мындан сырткары Кыргызстандын экономикалык абалына сереп салып, акыркы беш жылда Кыргызстанга сырттан келген валютанын саны көбөйгөндүгүн, эмгек мигранттары жылына 1,5 -2 млрд АКШ долларын жөнөтүп турушкандыгын, кризистен кийин бул булактар да 40-50% азайгандыгы айтылган.

Ошондой эле “Ата мекен” партиясы өлкөнүн саясий абалына токотолгон. “Тышкы саясат, өлкөнүн анын жарандарынын кызыкчылыгын көздөгөн ички саясаттын уландысы. Бүгүн Кыргызстанда «эптеген эки ичет» деген шылуундардын идеологиясы үстөмдүк кылат. Уруп кеткен, жулуп кеткен - бүгүнкү күндүн каарманы. Карапайым калк бийликтин, капиталдын (олигархтардын) мындай кылык-жоругуна каршылык көрсөтүп, тыя албай келе жатат” деп жазылат билдирүүдө. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG