Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:27

Бишкекте дагы бир эс алуу жайы курулат


Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев бүгүн мамлекет башчы Курманбек Бакиев менен чогуу катышкан №82 бала бакчанын ачылыш аземинен соң билдирди. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Н.Түлеев баш калаанын 5-6-кичирайондорунун ортосунда жайгашкан 650 метрге созулган ээн калган аймакка шаардыктар үчүн эс алуучу жай курууну пландаштырып жаткандыгын да белгилеген. Бул “Набережная ЮБЧК” долбоорунун алкагында ишке ашканы жатат. Мамлекет башчы мэрге бул долбоорду 31-августка - Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн күнүнө карата аяктоону тапшырган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG