Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:52

23-мартка президент чакырган Ынтымак курултайы жана 17-мартка белгиленген оппозициянын курултайы “Азаттыкта” өткөн тегерек үстөл талкуусунда талкууланды.

Катышкандар:

Алманбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” партиясынын аппарат жетекчиси








Динара Ошуракунова, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси










Ынтымак курултайын уюштуруу комитетинен мүчөсү Садыкбек Аблесов
“Азаттыктын” айрым суроолоруна телефон аркылуу алдын ала жооп берди.

“Азаттык”: - Ынтымак курултайынын уюштуруучулары анын башкы максаты улуттук кызыкчылыктардын айланасына кыргыз коомчулугун бириктирүү деп атышат. Ошол эле мезгилде ал өз максатына жете алабы деген суроо туулуп атат. Расмий бийлик элди бириктирүүгө кандай мүмкүнчүлүктөрү бар? Кандай мехинизмдери бар?

Алманбет Шыкмаматов: - Азыркы бийлик ушул курултай аркылуу биз элдин биримдигине жана аймактык биримдикке жетишебиз деп айтып жатышат. Биз айтып келатабыз, бул - саясий декорация, саясий фарс, спектакль деп. Себеби азыр кашкайып көрүнүп турган чындык бар. Муну эч ким тана албайт.

Мисалы, биздин жерибиз, кен байлыктарыбыз сатылып атканда, ошондой эле чек ара маселелери такталбай атканда элдин, улуттун, мамлекеттин биримдиги жөнүндө сөз менен иш кайчы кетип калып атат. Сөз жүзүндө биз биригебиз, аймактык биримдикти чыңдайбыз дегени менен иш жүзүндө Каркыра, Жетим-Тоо, темир кен байлыктары азыр чет элдиктерге кетип атат.

Мына жакында эле болуп өткөн Түндүк электро менен Телекомдун сатылышы. Азыр тил маселеси деп атат, бирок азыркы биздин эл билет, көз чаптырсак президенттен баштап премьер-министр бүт жыйналыштарды орус тилинде өтүп атат. Мына кечээ жакында дагы бир жыйналыш өттү. Ошол жерде бирин-экин адам эле бул тилди түшүнгөн болбосо, бул жыйындар жалаң орус тилинде өтөт.

“Азаттык”: - Сиз айткан пикирлерди оппозициялык маанайдагы көпчүлүк саясатчылар азыр айтып атышат. Бирок ага бийлик өкүлдөрү макул болгон жок. Сөз арасында биздин мурдараак жаздырып алган Аблесовдун пикирин угуп көрсөк.

Садыкбек Аблесов: - Төрөлө элек бала жөнүндө айтып атабыз да. Адегенде ошону түзүп, иштеп чыгыш керек. Бул курултайдын жакшы жери - төр кеңеши болот да, алар дайыма иштейт. Анан ошолордун иштегенин карап туруп, кандай иштер болуп атат, кандай чечимдер кабыл алынып атат, айтылган сунуштар кандай каралып атат, өкмөткө, президентке, Жогорку Кеңешке жеткирилип атабы, жеткирилбей жатабы, жеткирилген болсо, кандай чечимдер кабыл алынып атат, ошолорду карап, талдап туруп анан кийин сындаса туура болот эле дейм.

“Азаттык”: - Мына ушундай болду Аблесовдун пикири. Азыр Динара өзүңүздүн пикириңизди айтсаңыз, ушул Ынтымак курултайы аркылуу улуттук кызыкчылыктын айланасында кыргыз коомчулугун бириктирүү мүмкүнчүлүгү барбы?

Динара Ошуракунова: - Чынында эле Ынтымак курултайы дегенде, биринчиден, кайсы суроо боюнча биз ынтымакка келишибиз керек, ушул суроо бизге түшүнүксүз болуп атат.

Дароо кандай суроолор ошол курултайда коюлат деген суроо туулат. Ошондо түшүнмөкпүз, эмне проблема болуп атат, эмне үчүн ынтымактуу жашабай атабыз, анан кайсы суроо боюнча ынтымакка келишибиз керек дегендей.

Экинчиден, биз түшүнбөй атабыз ошол курултайда биз кайсы маселе боюнча ынтымакка келалабыз дегенди. Эл арасында ар кандай проблемалар бар. Ошонун ичинде кайсы проблемалар боюнча ынтымакка, макулдукка келебиз деген чоң суроо.

“Азаттык”: - Демек сиздин пикириңизде, курултайтын максаты алигиче так болбой жатат?

Динара Ошуракунова: - Түшүнүксүз - кайсы суроо боюнча биз ынтымакка келишибиз керек.

“Азаттык”: - Дагы бир маселе, Ынтымак курултайынын уюштуруу комитети кечээ билдирүү таратты. Ал жерде мурдагыдан айырмаланып, оппозициялык күчтөрдүн өкүлдөрүн, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн да президенттик квотанын катарында курултайга чакырган кайрылуу экен. Ушундай чукул кайрылуу жасаганга эмне түрткү болду деп ойлойсуздар?

Динара Ошуракунова: - Бул курултай жер-жерлерде өтүп атканда, мисалы биздин коалиция ушундай бир чечимге келген ушул жергиликтүү курултайга сөзсүз катышуу керек деген. Ошол жерде биздин мүчөлөр катышканда бир чоң проблемалар көтөрүлүп аткан. Биринчиден, бийлик менен оппозициянын ортосунда ынтымак болуш керек, курултайга оппозиция сөзсүз келиш керек деген сунуштар айтылды.

“Азаттык”: - Демек ушул сунуштар эске алынды деп ойлойсуз. Алмамбет мырзанын пикирин угуп көрөлү?

Алмамбет Шыкмаматов: - Башында курултай чакыруу демилгеси көтөрүлүп атканда оппозициянын өкүлдөрү катышат деген сөз болгон эмес. Курултай уюштурулуп атканда бийлик тарап кадимкидей чочулаган, оппозицияны жолотпогонго аракет кылган.

Бул баягыдай эле баары чогулуп азыркы бийлик жүргүзүп аткан саясатты хор менен колдоп берүү саясаты экени түшүнүктүү болгондон кийин БЭК бул курултайга расмий түрдө катышуудан баш тартты. Ошондо эл аралык коомчулукка, элге мына биз чакырдык, өзүлөрү келбей койду дегендей түр көрсөтүш үчүн булар түштөн кийин кылычын ташка чаап атат.

“Азаттык”: - Оппозициялык маанайдагы саясий күчтөр өзүнчө 17-мартта курултай өткөрүүнү жарыялашты. Мунун зарылдыгы эмнеде, эмне үчүн ушундай чечимге келдиңиздер. Оппозиция ынтымак курултайына макул эместердин курултайы деп атасыздар. Эмне себеп болду?

Алмамбет Шыкмаматов: - Ток этер жерин айтканда, азыркы бийликтин жүргүзүп аткан саясат менен элдин көйгөйү ортосунда чоң ажырым пайда болду. Мисалы элди тынчсыздандырган, элдин ырыскысы болгон эң кирешелүү тармактардын ит бекер сатылышы, тарыхта калган Каркыра сыяктуу жерлердин сатылышы. Ошондой эле саясий оппоненттерге каршы ырайымсыз түрдө кол алдындагы сотторду пайдаланып саясий куугунтук жүргүзүү, айтор санап отурса толтура. Эл чогулуп, мындан ары кандай чара көрүш керек, эл биримдиги кандай болот, кандай кылганда бул терс көрүнүштөргө бөгөт кое алабыз деген маселени талкуулай.

“Азаттык”: - Оппозициянын курултайынын чечимдерин Ынтымак курултайы эске алабы деген суроо менен биз Аблесовго да кайрылганбыз. Азыр угуп көрөлү?

Садыкбек Аблесов:
- Аны курултайдын мүчөлөрү чечет да, мен кандай деп айта алам. Сөздүн туурасы мен кантип 150 киши үчүн айтып кое алам. Менимче булар курултай жөнүндө сөз айтпайт. Алардын курултайында тарифтер боюнча айтабыз деп атышат го, силердин радиодон укканым боюнча. Анан стратегиялык объектилердин сатылышы боюнча. Төрт маселени айтып атышат. Закон ченеминде курултайын өткөрүп, өздөрүнүн чечимдерин берсе, өкмөткө дагы, аппаратка дагы, президентке да жетет да булар.

“Азаттык”: - Динара, ушул эки курултайдан кандайдыр бир майнап, жыйынтык чыгышы мүмкүнбү улуттук кызыкчылык үчүн?

Динара Ошуракунова: - Бир коркунуч бар, бул эки курултай элди экиге бөлүп кетпесе болду. Анткени мындай деп айтып кетиш керек, бийлик эң биринчи курултайтды баштаганда эле ката кетирди. Ошол жерге кайсы күчтөр катышыш керек, ошол боюнча эч кандай суроо такталбай, саясий партиялар чакырылбагандыктан, оппозиция өзүнүн курултайын чакырып атат

“Азаттык”:
- Сиздерге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG