Тибеттиктердин сүргүндө жүргөн көсөмү Вашингтонго кечээ келген эле. Далай ламанын Ак үйдө кабыл алынышына Кытай кескин нааразылыгын билдирди. Ырасмий Пекин аны Тибетти Кытайдан бөлүп алгысы келет деп айыптап жүрөт. Далай лама болсо болгону өз мекени үчүн автономиялык кеңири укуктар гана керек эсептейт.