Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Азербайжан-Армения аткылашуусунда үч азери жоокер окко учту


18-февралда талаштуу Тоолуу Карабах аймагында Армян аскерлери менен болгон аткылашууда Азербайжан тарап үч жоокеринен ажырады. Азербайжандын коргоо министрлиги “Азаттыктын” азери кызматына дагы бир жоокер жарадар болгонун билдирди. Армения жана Азербайжандын Тоолуу Карабах үчүн болгон алты жылдык согушу 1996-жылы аяктаган. Урушта Армениялык аскерлер Тоолуу Карабахты жана Азербайжандын жети районун ээлеп алган. Тоолуу Карабах СССР кыйрагандан тартып, Азербайжандын амирин тааныбайт.

XS
SM
MD
LG