Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Исаковдун тарапкерлери сотко ишенбөөчүлүк билдирип залдан чыгып кетишти


“Азаттыктын” кабарчысынын маалымдашынча, буга ишти карап жаткан судья Тилек Абдрашитовдун айыпталуучунун даярдыгын сурабай эле дароо акыркы сөз бергени себеп болду. Азыр кийинки сот процессинин качан уланары, бул ишенбөөчүлүк кабыл алынбы же жокпу белгисиз. Аскердик соттун коллегиясы тараптарга акыркы сөз берүүнү 18-февралга белгилеген. И. Исаков менен анын адвокаты Азимбек Бекназаров доо арыз каралып жатканда жаңы жагдайларга байланыштуу акыркы сөздү сүйлөөгө даярдык керек экенин билдиришип сот процесси бүгүнкүгө жылган болчу. И. Исаковдун доо арызын Аскердик сот 10-февралдан тарта карап жаткан. Мурунку коргоо министри 11-январда сегиз жылга эркинен ажыратылган. Айыпталуучу өзүнө коюлган күнөөлөрдү мойнуна алган эмес жана аны саясий буйрутма деп баалап жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG