Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:17

Опозициячыл саясатчы И.Исаковго сот өкүмдү күчүндө калтырды


Бүгүн Аскер сотунун судьясы Тилек Абдрашитов Бишкек гарнизондук аскер сотунун мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен ажыратып, генерал-лейтенанттык аскер наамын алган өкүмүн күчүндө калтырып, аны Коопсуздук кызматынын абагынан №1 убактылуу кармоочу жайга которуу тууралуу чечимин чыгарды.
И. Исаковго коргоо министри болуп турган учурунда кызматынан пайдаланып, коргоо министрлигине тиешелүү батирди уулуна берип койгон, Балыкчы аскер бөлүгүнөн автоунаа саткан, аскер кызматкерлеринин балдары үчүн Жаңы жылдык балаты уюштурган, 8-мартта коргоо министрлигиндеги аял кызматкерлер үчүн майрам уюштурууга акча бөлгөн деген айыптар тагылган. Булардын ичинен "министрликке тиешелүү батирди уулуна берген" деген айып боюнча гана чечим чыгарылды, калган экөө кылмыш ишинин жоктугуна байланыштуу алынып салынган.
11-январда Бишкек гарнизондук аскер соту И. Исаковду генерал-лейтенанттык чининен ажыратуу менен 8 жылга кесүүнү жана аны сот залынан камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.
И.Исаков болсо ага карата козголгон ишти жана соттун чечимин саясий буйрутма деп баалоодо. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG