Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:01

И. Исаковду 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмү күчүндө калды


И.Исаков Аскер сотунун залында, 10-февраль 2010-жыл
И.Исаков Аскер сотунун залында, 10-февраль 2010-жыл

19-февралдагы Кыргызстандын аскер сот коллегиясынын териштирүүсү ызы-чуу, талаш-тартыш менен аяктады. Келтирген өтүнүчтөрүнүн бирөө да өтпөгөнүнө нааразы болгон И. Исаковдун жактоочулары, келген эл залдан чыгып кеткенден кийин аскер сот ишти жабык улантып, кечке жуук өкүмүн угузду.

Келтирген өтүнүчтөрүнүн бир да бирөө өтпөгөнүнө нааразы болгон И. Исаковдун жактоочулары, келген эл залдан чыгып кеткенден кийин аскер сот жабык эшик артында ишти улантып, кечке жуук өкүмүн угузду. Аскер сот коллегиясы 11-январдагы гарнизондук сот өкүмүн күчүндө калтырып, И. Исаковду коопсуздук кызматтын абак жайынан Бишкек шаардык №1 абак жайына которду.

Президент кабардар болчу

Соттук териштирүүлөрдө 2 бөлмөлүү үйдүн Руслан Исаковго кантип жана кандайча берилип, кайра андан кандайча алынганы бир нече ирет текшерилгенин Азимбек Бекназаров такай белгилеп келатат.

- Себеп дегенде 2006-жылдын жай айынан баштап, 2008-жылдын 23-майына чейин М. Бекбоевдин арызы президенттин көзөмөлүндө турган. Эки жыл бою. Булар бир нече жолу бул факт боюнча текшерип, Исмаил Исаковдун аракетинде кылмыштын составы жок деп, иш козгоодон баш тартышткан. Президентке чейин беришкен. Иштин ичинде справкалары турат. Материал 122 беттен деп жүрүшөт.

Мына ушул улам-улам текшерилген материал а кездеги башкы прокурор Э.Сатыбалдиевдин, аскер прокурору Н. Турсункуловдун, президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүм башчысынын колу менен президентке кабарланып, 2 бөлмөлүү үйгө байланышкан иште кылмыш белгилери жоктугу ырасталып келген.
Ушул жерде чыккан жаңы жагдайлар боюнча куралдуу күчтөрдүн биринчи адамы К. Бакиевди чакыруудан эмнеге баш тарттыңар?
И. Исаков

Улам-улам четке кагылган ал иш 2009-жылдын башында Исмаил Исаковго каршы кылмыш ишине айланып калышынын чоо-жайын мыйзам сактоо кызматтарын жетектеп отургандар сот залында айтып беришин Исмаил Исаков да талап кылды.

- Ушул жерде чыккан жаңы жагдайлар боюнча куралдуу күчтөрдүн биринчи адамы К. Бакиевди чакыруудан эмнеге баш тарттыңар? Министрди чакырып отургуздуңар. Менин колум жок. Бергиле деген квартираны. Менин буйругум жок. Менин суранычым жок. Бирок мен күнөөлүү экемин, атасы болуп калганым үчүн. А биринчи киши менин начальнигим эмне отурбайт анда?

Революция өз балдарын коргой албайт

И. Исаков сотко чакырып жаткан президент К. Бакиев экөөнүн мамиле-катышы мындан беш жыл илгерки элдик революция камылгасын көрүп жүргөн кездерден башталат. Ал иштин башында ушу тапта оппозиция өкүлдөрүнө каршы соттук иштерге адвокат болуп катышып жаткан А. Бекназаров да турган. Революциядан кийин 3 жыл коргоо министри, андан соң аз убакыт Коопсуздук кеңеш катчысы болуп иштеген И. Исаков саясий өнөктөшү президент К.Бакиевдин кадр, ички-тышкы саясатына каршы экендигин ачык билдирип кызматынан баш тарткан.

Аны менен эле тим болбой К. Бакиев түзгөн саясий системага каршы чыгып, оппозициялык кыймылга активдүү аралаша баштаган соң ага каршы аскердик техниканын сакталышына жакшы көзөмөл жүргүзбөй, бюджеттик каражаттарды ыксыз сарптоого жол бергендиги, аскер кызматындагы уулуна 2 бөлмөлүү үй алып берүүгө катыштыгы бар деген айып тагылган. Бишкек гарнизондук аскер соту ал айыптардын бирөөн гана калтырып, президентке кылмыш белгиси жок деп маалымдалып турган 2 бөлмө үй үчүн аны 8 жылга эркинен ажыратуу, генерал-лейтенант аскердик наамын алып салуу өкүмүн чыгарган.

И. Исаковдун жубайы Дарика Оморова аскер сот коллегиясында талаштуу маселе такталбаган бойдон калганын айтат.

- Чакырсын ошол Н.Турсункуловун, Э.Сатыбалдиевин, К.Бакиевин. Бардыгын чакырып туруп элдин алдында отчет беришсин. Болбосо азыр эл турат тикеме-тике. Себеби ак иштеген Исмаил Исаков бир эле Алайдын кулуну эмес, Кыргызстандын кулуну.

Мамлекеттик айыптоочу Данияр Эркинбаев ал өтүнүчтөрдү канааттандырууга негиз жок деп эсептейт.

- Биринчиден мына бул иш процесстин өтүшүнө менин дооматым бар эле. Мисалы мобул жерде коомдук тартипти камсыз кыла албай жатасыңар. Мобул жерде базар болуп жатат. Кое турсаңыз! Протоколго түшсүн! Биринчи...

Сот: - Өтүнүч боюнча айтсаңыз.

Мыйзам буйлаланган төөбү?
Сот мыйзамга баш ийбей эле бир үй-бүлөнүн буйругун аткарып калган.
А. Атамбаев

Аскер сот коллегиясынын И. Исаков менен жактоочуларынын бир да өтүнүчүн кабыл албашынын себебин Бириккен элдик кыймылдын төрагасы Алмазбек Атамбаев жалпы Кыргызстандагы саясий жагдайга байланыштуу түшүндүрөт.

- Бул Кыргызстанда укуктук темел, укуктук негиз, укуктук мамлекет жок экенин далилдеп жатат да ушу өтүп жаткан соттор. Сот мыйзамга баш ийбей эле бир үй-бүлөнүн буйругун аткарып, угуп калган. Ушундай болуп калды.

2005-жылкы бийлик алмашуусуна активдүү катышкан саясий ишмерлердин көбү дагыле оппозиция катарын толуктап, бир даары баш калкалап чет жерге кетип, калгандары минтип бир четтен соттолууда. Революция өз балдарын коргой албайт жүйөөсү Кыргызстанда ушинтип чынга чыгууда.

Тасмада: 19-февралдагы сот жараяны

Исмаил Исаков сотто сүйлөөдөн баш тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00

XS
SM
MD
LG