Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:56

Украинада сот Юлия Тимошенконун арызын карай баштады


7-февралдагы экинчи айлампада утулуп калган өкмөт башчысы атаандашы Виктор Янукович көп сандаган мыйзам бузуулар менен жеңди деп Жогорку Административдик сотко кайрылган. Сот шайлоонун жыйынтыгын күчүнө киргизүүнү убактылуу токтотууга буйрук кылган. Сотко келгенде Тимошенко кабарчыларга буларды билдирди:

- Мен бул жакка президенттик шайлоону коргош үчүн келген жокмун. Мен бүгүн Украинаны коргош үчүн келдим. Мен мекенимдин, элимдин келечеги бурмалоолорго, калпка, алдоого негизделишин каалабайм.

Парламент Януковичтин президенттик ант беришин 25-февраль деп аныктаган. Бүгүн Киевдеги угуунун мезгилинде Административдик соттун алдында Януковичтин 500дөй колдоочусу чогулду. Тартип коргоочулардын саны да адаттагыдан көп болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG