Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:19

А.Бекназаров бүгүн И.Исаковго жолугуп чыкты


“Генерал И.Исаков №1 убактылуу кармоочу жайдын нөөмөт бөлүмүнүн суук бөлмөсүндө кармалып турат. Ден-соолугу жакшы. Ал сот мыйзамды одоно бузуп чечим чыгарганына нааразы болууда. Бул маселе боюнча биз Конституциялык сотко кайрылабыз”,-деп билдирди "Азаттыкка" адвокат Азимбек Бекназаров.
Кечээ Аскер соту мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду Бишкек гарнизондук сотунун 8 жылга абакка кесип, генералдык чининен ажыраткан чечимин күчүндө калтырып, Улуттук коопсуздук кызматынын абагынан №1 убактылуу кармоочу жайга камоого чечим чыгарган. И.Исаков болсо муну ага карата бийликтин кысымы, саясий буйрутма деп баалоодо.
Ал эми расмий бийлик, укук коргоо органдары ага карата мыйзамдын чегинде иш жүргүзгөнүн белгилешүүдө. Башкы прокуратура Генерал И.Исаковго коргоо министри болуп иштеп турганда Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөн офицер уулуна кызматтык батирди берген деп айыптап 8 жылга эркинен ажыратууну сураган. 11-январда Бишкек гарнизондук соту аны генералдык наамынан ажыратып, 8 жылга абакка кескен. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG