Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:21

Петровка чатагына байланышкан сот 14:00дө уланат


Бул туурасында “Жашылдар” партиясынын мүчөсү К. Сарымсаков “Азаттыкка” кабарлады. Соттук отурум адвокаттардын жоктугунан улам түштөн кийинкиге жылдырылып калган. Алдын ала маалыматка ылайык, бүгүн камактагы саясатчы Э. Бөлөкбаев сот төрагасы Ф. Марлеске ишеним көрсөтпө өтүнүчүн жарыя кылат. “Себеби айыпталып жаткандар соттун адилет чечим чыгарышына ишенишпейт. Буга сот төрагасынын соңку өзүм билемдик аракеттери далил”,- деди Э. Бөлөкбаев. Петровка чатагына байланышкан сот белгисиз себептерден улам 16- февраль күнү болбой калган. (JJ)

XS
SM
MD
LG