Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

8 жашар кызды зордуктаган Шоруевдин ишин Жогорку сот карайт


25-февралда Жогорку Сот Көк-Жаңгак шаарында 8 жашар кызды зордуктаган Хамза Шоруевдин иши боюнча көзөмөлдүк угуу өткөрөт. Андан кийин Жогорку сот Сузак райондук соту тарабынан 6 жылга кесилген Х. Шоруевдин жазасын 2 жылга төмөндөтүп, мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыгарган Жалал-Абат облустук сотунун чечимине баа берет. Эгер алардын күнөөсү аныкталса, алардын ишин кароону жана жоопкерчилигин аныктоо өтүнүчү Соттор кеңешине багытталмакчы. Бул тууралуу Жогорку соттун төрайымы Жаңыл Алиева жума күнү парламентте билдирди.

Быйыл январда сегиз жашар кызды алгач бийиктиги 2 метр келген көпүрөдөн таштап жиберип, андан кийин зордуктаган деген шек менен кармалган күрт улутундагы Хамза Шоруев 2007-жылы Сузак райондук соту тарабынан зордуктоо беренеси менен 6 жылга түрмөгө кесилген. Кийин аны Жалал-Абад облустук соту жазасын эки жылга чейин азайтып, башкоргоо чарасын өзгөртүү менен эркиндикке чыгарган. Сегиз жашар секелектин зордукталышына нааразы болгон Көк-Жаңгак шаарынын тургундары шаарда жашаган күрттөрдүн көчүп кетүүсүн талап кылышкан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG