Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:41

Бишкекте муздак суу менен канализацияга акы көтөрүлдү


Бишкек шаар кеңешинин депутаттары 20-февралдагы отурумунда ушундай чечимге келишти. Ага ылайык 1-марттан тарта борбор калаанын тургундары 1 метр куб муздак сууга 4 сом 48 тыйын, канализация үчүн 1 сомдон төлөй башташат. Ушул тапта 1 метр куб муздак суу үчүн 3 сом, канализацияга 70 тыйындан алынат. Мекемелердин төлөмү муздак суу үчүн 4 сом 50 тыйындын ордуна 6 сом 15 тыйын, канализацияга 1 сом 50 тыйындын ордуна 1 сом 75 тыйын болот. Айрым бюджеттен каржыланбаган ишканалар жана Бишке ТЭЦи үчүн баа муздак сууга гана кымбаттап, 1 метр куб суу үчүн азыркы төлөнүп жаткан 7 сомдун ордуна 1-марттан тартып 7 сом 95 тыйындан алына баштайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG