Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:48

Эл аралык Берлин кинофестивалы жыйынтыкталды


Башкы байгени – "Алтын аюуну" түркиялык кинорежиссер Семих Капланоглунун "Асел" аттуу фильми жеңип алды. Орус оператору Павел Костамаровдун "Быйыл жайды кантип өткөрдүм" тасмасындагы чыгармачылык жетишкендиктери "Күмүш аюу" байгесине арзыды. Ушул эле тасмада эркек кейипкерлердин мыкты ролу үчүн орус актерлору Григорий Добрыгин менен Сергей Пускепалис да "Күмүш аюу" алышты. Эң мыкты режиссура үчүн "Күмүш аюу" Роман Поланскинин "Караан-жазуучу" фильмине ыйгарылды. Полански ушу тушта Швейцарияда үй камагында отурат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG