Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

Уюлдук байланышка кошулган 60 тыйынга каршы жаштар акция өткөрөт


Бул тууралуу Акыйкатчы институнун алдындагы Жаштардын жана студенттердин укугун коргоо боюнча кеңештин өкүлү Урмат Казакбаев билдирди. “Биз алтымыш тыйынсыз байланыш үчүн” аттуу флэш-моб акциясы 24-февралда Бишкектеги уюлдук байланыш боюнча компаниялардын имаратынын алдында болот. Ушул жылдын 1-февралынан тарта Кыргызстанда уюлдук байланыш алтымыш тыйынга кымбаттаган. Ошондон тарта жаштардын ар түрдүү нааразылык акциялары маал-маалы менен өткөрүлүп жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG