Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

Янукович премьер-министрликке үч талапкерди караштырууда


Украинанын шайланган президенти Виктор Янукович “Украина” телеканалындагы маегинде белгилегендей, ал өкмөт башчылыгына үч адамдын: президенттик шайлоодо үчүнчү орун алган ишкер Сергей Тигипконун, мурдагы тышкы иштер министри жана парламент төрагасы Арсений Яценюктун жана өзүнүн Региондор партиясынын мүчөсү, мурдагы каржы министри Николай Азаровдун талапкерлигин караштырууда. Украинада өкмөт башчы ким болору парламенттик коалициянын курамына жараша аныкталат. Президент катары Янукович коалиция курууга расмий катыша албайт, бирок анын партиясы парламенттеги башка фракциялар менен сүйлөшмөкчү. Янукович жаңы коалиция ушул аптада түзүлүп каларына ишеним билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG