Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:14

Люфтганзанын учкучтары иш таштоосун баштады


Төрт миңдей учкучтун төрт күнгө созулуучу иш таштоосунан улам 3200дөй авиакаттам же бир күндө 800 каттам үзгүлтүккө учурары күтүлүүдө. Бул өз кезегинде компания кардарларынын Германия эле эмес, дүйнө боюнча саякатына терс таасирин тийгизет.
Люфтганза - Европанын эң ири авиакомпанияларынын бири. Компаниянын эсебине караганда, төрт күндө каттамдарын үзгүлтүккө учурашынан келүүчү чыгым 100 миллион еврго жетүүсү мүмкүн. Учкучтардын профсоюзу иш таштоо чечимине Люфтганза чыгымын азайтуу үчүн иш орундарын аз айлык менен иштөөгө макул чет элдик учкучтарга берүүнү көздөп жатат деген кооптонуулардан улам келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG