Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарына караганда 24-февралга белгиленген жыйын Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын чыгарып, 2010-жылдагы иш болжолун талкуулайт. Ага министрлерден тышкары тармак жетекчилери, облус губернаторлору, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери катышып, жыйынды өкмөт жыйынын премьер-министр Данияр Үсөнов башкарат. (BuS)