Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Өнүктүрүү Фондунун 2010-жылга бюджети - 7 млрд.сом


18-февралда Өнүктүрүү Фондунун директорлор кеңеши жыйын курду. Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигинин башчысы Максим Бакиев башкарган бул жыйын 2009-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2010-жылдын бюджетин бекитти. Агенттик жыйынга байланыштуу тараткан маалыматка караганда Фонд былтыр 23,6 млн. сом таза киреше тапкан.
2010-жылы болсо Өнүгүү Фондунун инвестициясы 7 млрд. сомду түзмөй болду. Алардын 680 миллион сому чакан кредиттөө компанияларына, 2,27 млрд сому ипотекага менен турак-жай курулушуна, 495 млн. сому өкүл банктар аркылуу каржылоого, 1,17млрд. сому айыл чарба, азык түлүк корпорациясына жана 990 млн. сому реалдуу тармакта мамлекеттик-менчик өнөктөштүк долбоорлоруна кетет.
Өнүктүрүү Фонду 2010-жылы 150 миллион сом таза киреше алууну болжоп жатат деп айтылат Өнүктүрүү, инновация жана инвестиция агенттиги тараткан маалыматта. (BuS)

XS
SM
MD
LG