Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:21

Казакстан Кыргызстанга жүктөрдү коё бере баштады


Казакстандык бажычылар 1-февралдан бери Кыргызстанга өткөрбөй кармап турган жүктөрдү катуу текшерүүлөрдөн кийин бүгүн өткөрө баштады. Бул тууралуу бир нече күндөн бери Түркиядан келе жаткан жүктөрү өткөрүлбөй жаткан ишкер «Азаттыкка» билдирди. Анын айтуусунда, Казакстандын Өзбекстан менен чектешкен Конусбаев бажы түйүнүнөн үч жумадан бери бүгүн алгачкы жүк ташуучу машиналар Кыргызстанды карай багыт алды.

1-февралдан бери Кытай-Казакстан чек арасындагы Харгост бажы бекетинде Кытайдан Кыргызстанга жүк ташып келаткан 60тан ашуун жана ошондой эле Өзбекстан менен Казакстандын чек арасындагы Конусбаев бажы бекетинде Арап Эмираттары, Иран, Түркиядан жүк тартып келаткан 50 чакты автомашиналар Кыргызстанга келалбай турушат. Алардын ар биринде 20-30 тоннадан жүктөр бар. Казакстан Кыргызстанга транзиттик жол бербей жатканынын себебин билдире элек. Женева конвенциясы боюнча жүк салынып чыккан жерден жүк жеткенге чейин товарлар текшерилбеши керек.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG