Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Фолклэнд кайра талашка түштү


Фолклэндге бараткан британ кемеси
Фолклэндге бараткан британ кемеси

Ушул күндөрү Атлантика мухитинин түштүгүндөгү Фолклэнд аралдарынын айланасында британ фирмасы мунай бургулап баштоодо. Бул кадам 1982-жылы аралды талашып согушкан Британия менен Аргентинанын тирешүүсүн кайра күч алдырууда.

Аргентинанын чыгыш жээгинен 450 чакырым аралыкта жайгашкан бул аралдар топтомун Британия 1833-жылдан бери башкарып келет. Бирок бул кымындай аралдарды Малвинас деп атаган Аргентина аларды өзүнүкү деп эсептейт.

Аргентина 1982-жылы Фолклэндге басып киргенде, тараптар эки айдай согушуп, акыры Аргентина артка чегинүүгө мажбур болгон. Жарыяланбаган согушта миңге чукул кишинин каны төгүлгөн.

Аргентина бул ирет кара күчкө таянбай тургандыгын айтууда, бирок өлкө кол куушуруп отуруп алган жок.

Өткөн аптада Аргентинанын президенти Кристина Киршнер өлкө суулары аркылуу өтүүчү кемелердин алдын ала уруксат сурашын талап кылган жардыкка кол койду, бул чара мунай бургулоо ишин жайлатат деп болжолдонууда.

Киршнер бул маселени Рио тобу деп аталган 25 латын америкалык жана кариб өлкөлөрүнүн самитинде да көтөрүүдө. Ал бул коңшу мамлекеттерди Британиянын Фолклэндде мунай бургулоосун айыптоого үндөөдө. Буга чейин Рио тобу Аргентинанын аймактык таламын колдоп келген. Венесуэла азыртадан эле Аргентинаны жактап чыкты. Мунайга бай бул өлкөнүн президенти Хуго Чавес өткөн жекшембиде Британиянын ханышасы Элизаветага бул сөздөр менен кайрылды:

– Англичандар Аргентинаны коркутууну улантууда. Бирок абал өзгөрдү, Ханыша айым. Биз 1982-жылда эмеспиз. Аргентинага каршы агрессия болсо, Арггентина жалгыз эмес экенин эске алып коюңуз, себеби мында биздин мекен тууралуу да сөз болуп жатат.

Бириккен Улуттар уюму бул талашта тараптарды сүйлөшүүгө чакырган. Аргентинанын ырастоосунда, Британия мындай диалогдон качып келет. Өлкөнүн тышкы иштер минстри Хорже Таяна «эскиден калган бул колониалдык маселени чечүү үчүн» Британияны суверендүүлүк маселесин ийри отуруп, түз кеңешүүгө чакырган.

Таяна бул маселени ушул шаршембиде Бириккен Улуттардын жетекчиси Бан-ки-Муун менен талкуулаганы жатат. Британиялык «Дизаэр» фирмасы аралдардын жанында бар деп болжолдонгон 60 миллиард баррел кара майды бир четинен өздөштүрүүгө ниеттенүүдө. Бул Британиянын Түндүк деңиздеги мунай кендерине тете. Фирма жетекчилиги мунай кендери Британиянын аймагында деп ырастоодо. Британ премьери Гордон Браун өткөн аптада Аргентина менен тиреш «дипломатия» жол менен чечилээрине үмүт билдирген.

1982-жылдагы согушта Фолклэнддин тургундары Аргентинаны колдогон эмес. Дүйшөмбү күнү эртең менен архипелагдын англис тилинде чыгуучу гезитинин интернеттеги сайтына кол салуу болуп, анда Аргентинанын аймактык таламын колдогон испан тилиндеги макала менен катар Аргентинанын байрагы жайгаштырылды.

XS
SM
MD
LG