Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:03

Өкмөт дүйнөлүк адабият үлгүлөрүн которгонго каражат издеп жатат


Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Бегаалы Наргозиев “Азаттыкка” классикалык жана балдар адабиятын, көркөм тасмаларды жана мультфильмдерди кыргызчалатканга өкмөт кошумча булактардан каражат издеп жатканын билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн “Мамлекеттик тилдин өнүгүшүн колдоо” боюнча токтомуна ылайык, быйылтан тарта мындай котормолор үчүн жыл сайын бюджеттен каражат бөлүп туруу каралган. Азыр Каржы министрлиги Маданият жана мамлекеттик тил магенттигине которулуучу адабияттардын тизмесин тактоо өтүнүчү менен кат жолдоду, дейт Б. Наргозиев. (EBM)

XS
SM
MD
LG