Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Алай: Исаковду тарапкерлери майрамда акимчилик алдына чогулат


Мурунку коргоо министри Исмаил Исаковду коргоо боюнча Алай райондук комитеттин төрагасы Айтпай Жээналиев “Азаттыкка” бүгүн Мекенди коргоочулар күнүндө акимчиликтин алдына жүздөй адам чогулуларын маалымдады. Алар экс-министрдин кыргыз армиясына сиңирген эмгегин эскерип, анын токтоосуз акталып бошотулушун талап кылышмакчы. Аталган комитет 20-февралда жыйын куруп, Исаковду бошотуу талабы менен нааразычылык иш-чараларын күчтөндүрүү, жөө, атчан жүрүш уюштуруу, Ош - Эркеч-Там кан жолун тосуу туралуу чечим кабыл алышкан. Жергиликтүү бийлик акция катышуучуларын сабырдуулукка чакырып, мыйзамсыз иш-аракеттер сөзсүз жазаланаарын эскертип жатышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG