Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Испания Түркиянын Евробиримдикке кошулуу мүдөөсүн колдойт


Бул тууралуу Мадридде, түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен чогуу өткөргөн маалымат жыйыны учурунда испан премьер- министри Хосе Луис Родригез Сапатеро айтты. Испания – Евробиримдиктин ушул жылдын биринчи жарымындагы төрагасы. Испан премьер-министри Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөр анын өлкөсүнүн төрагалыгы учурунда алга жыларына ишеним билдирди. Испания Европа өлкөлөрү арасынан Түркиянын биримдикке кошулуусун кызуу колдоп жүрөт. Ал эми буга катуу каршы чыгып келе жаткан Франция менен Германия Анкарага артыкчылыгы бар өнөктөш деген маккам берүүнү гана сунуш кылышкан.

XS
SM
MD
LG