Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:25

Чүйлүктөр кичи автобустардын жаңыча жүрүү эрежелерине нааразы


Бул туурасында Лесной айылынын тургуну Ө. Токтонасыров “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка караганда, Бишкек шаардык кеңешинин чечимине ылайык, 1- марттан баштап Чүйдүн түндүк тарабындагы айылдарга каттаган кичи автобустар Батыш авто бекетинен жүрө баштайт. Бирок бул көпчүлүк айыл тургундары үчүн ыйгайсыздыкты жаратат. Себеби айылдыктардын негизги тиричилиги базар менен байланыштуу болуп, айылдарга каттаган кичи автобустар дээрлик Ош базарынын жанына токточу. Учурда Сокулук районунун айрым айылдарында жашаган тургундар Бишкек мэриясынын транспорт башкармалыгына кайрылуу кылышууда. Бирок аталган башкармалык кичи автобустун айдоочуларына 1- мартка чейин гана уруксат берген. (JJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG