Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

БЭК И.Исаков боюнча билдирүү таратты


Анда , 2010-жылдын 19-февралында Аскердик соттун коллегиясы мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго байланыштуу сот процессин таза саясий мүнөздө өткөргөнү, кылмыш ишинде И.Исаковдун күнөөсүн далилдей турган бир да документ жоктугу, далил болуучу документтерди талап кылуу, кошумча күбөлөрдү сотко чакыруу, баш мыйзам болгон Конституцияны жана мыйзамдарды бузбоо жөнүндө адвокат А.Бекназаровдун өтүнүчтөрү Кылмыш-жаза кодексинин жоболорун одоно бузуу менен канаагаттандырылбаганы белгиленген.
Ошондой эле И.Исаковдун түрмөгө камалышы менен бийлик өлкөдө саясий репрессиялардын жаңы этабын баштаганы, мамлекет өтө коопту сызыкка келип такалганы, мурдагы Коргоо министри жана Коопсуздук Кеңешинин катчысы кызматтарын аркалоо менен мамлекеттик жогорку сырларды билген адамды жалпы режимде камакта кармоо чечими мыйзамга да, акыл-эске да жатпастыгы айтылат.
Билдирүүдө, “Жалпы режимдеги түрмөдө И.Исаковдун өмүрүнө же ден-соолугуна, ошондой эле бириккен оппозиция лидерлери менен мүчөлөрүнүн жеке коопсуздугуна да коркунуч туула тургандай аракеттер болсо, анда жоопкерчилик толугу менен президент Курманбек Бакиевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жүктөлө тургандыгын билдиребиз”,-деп көрсөтүлгөн.
БЭКтин Улуттук Кеңеши ушул өңүттөгү билдирүүнү 19-февралда таратты. (AJ)

XS
SM
MD
LG