Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Евробиримдик-Кыргызстан кызматташтыгы талкууланат


“Азаттыктын” кабарчысынын маалыматына караганда бүгүн Брюсселде Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтүп жатат. Кыргызстандан делегация катышып жаткандыгы тууралуу маалымат таратыла элек.
Жакында Евробиримдик өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Шанталь Эбберехттин Бишкекте билдиргенине караганда эки тараптуу жаңы программа иштелип жатат. Анын бюджети болжол менен 51 млн. еврого барабар. Эки тараптуу кызматташтыкта артыкчылык социалдык тармакка, жарандык коомго, парламентке, билим берүүгө берилет. 10-февралда Кыргызстанда Евробиримдиктин элчилиги ачылды. (BuS)

XS
SM
MD
LG