Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

И.Исаковдун тарапкерлери “Ата мекенчилерди кордоо күнү” деп жарыялашты


Гүлчөдө чогулган жүзгө жакын адам бүгүнкү Мекенди коргоочунун күнүн, “Ата мекенчилерди кордоо күнү” деп жарыялашты. Алар мындай чечимге мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун 8 жылга эркинен ажыратылганына байланыштуу кабыл алышканын айтышты. Алар И.Исаковдун Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн жогорку деңгээлге көтөргөн уюштуруучулугун, мамлекеттин коопсуздугун жогору коюп, жоокерлерди патриоттуулукка тарбиялоодогу сиңирген эмгегин белгилешти. И.Исаковго карата бийликтин саясий куугунтугун сынга алышып, аны толук актоо талабын коюшту. Бул тууралуу Оштогу кабарчыбыз кабарлады.
Алай районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Равшан Сыргаев болсо пикетке чыккандар тарабынан тартип бузулбаганын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG