ИИМдин маалымат кызматы бүгүн билдиргендей, Жалал-Абад облусунда диний-экстремисттик уюмдун тарапкерлери колго түштү. Кызыл Суу айлынын эки тургуну Базар-Коргон районундагы Жай-Терек айылынын жашоочуларын “Хизб- ут- Тахрир” партиясына кирүүгө үндөшкөн. 22 жашар жигиттердин жанынан видео-тасма табылган. Алар 21- февралда тартип сакчыларына аталган райондун Арстанбап кыштагынын жашоочусунун көрсөтмөсү менен аракеттенгенин билдиришкен. Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Милиция бөлүмүнүн маалыматында, облустун Бек-Абад, Күмүш-Азиз, Сузак, Базар-Коргон, Достук айылдары менен Жалал-Абад шаарында жашыруун уюмдун мүчөлөрү бар. (YA)