Мындай маалыматты 24-февралда Нарын шаарында өтүүчү митингди уюштуруп жаткан демилгелүү топтун жетекчиси Эркин Асаналиев бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, ага Админстративдик кодекстин 352-беренесин бузду деп Нарын шаардык мэриясы шаардык прокуратурага кат жолдогон. Э. Асаналиев бүгүн шаардык прокуратурада, шаардык милицияда болуп келгенин белгилеп, «Биздин уюштурган иш чарабызда бир да мыйзам бузуу жок. Бул шаардык мэриянын кысымы»- деп билдирди.
Демилгелүү топ 24 -февралда Нарын шаарында социалдык талаптарды көтөргөн тынч митингисин өткөрүүнү пландаштырууда. (JI)
Демилгелүү топ 24 -февралда Нарын шаарында социалдык талаптарды көтөргөн тынч митингисин өткөрүүнү пландаштырууда. (JI)