Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:32

Нарында митинг өткөрүүчүлөргө кысым көрсөтүлгөн жок


Бул тууралуу Нарын шаарынын вице-мэри Нурбек Молдокадыров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, электр кубатынын кымбатташына байланыштуу тынч митинг өткөрүү боюнча демилгелүү топтун башчысы Эркин Асаналиев “Демократия жана атуулдук коом үчүн коалициясынын” Нарындагы бөлүмүнүн директору катары арыз жолдогону туура болбой калган. Аталган коалициянын Бишкектеги жетекчилиги Э.Асаналиев Нарындагы бөлүмүнүн директорлук кызматынан алынганын маалымдашкан. “Нарын шаардык кеңешинин токтомуна ылайык РТС аймагында, Нарын -70 паркында жана ат майданында тынч митинг өткөрүү боюнча шаар мэриясына эскертип коюп, атуулдар тынч жыйын өткөрүүгө укуктуу”, - дейт Н. Молдокадыров.

Вице-мэр Нарын шаарында кыш мезгилинде электр кубатын берүү үзгүлтүккө учурабаганын, шаар элинин социалдык маселесин жакшыртуу боюнча бардык аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.
Нарын шаарындагы демилгелүү топ электр кубатынын кыбаттаганына байланыштуу 24-февралда тынч митинг өткөргөнү жатышат. (AJ)

XS
SM
MD
LG