Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:05

Иранда сунилердин козголоң тобунун лидери кармалды


Иран бийлигинин ырастоосунда, сунилердин "Жундалла" козголоңчу тобунун "террордук иш-аракеттерине" АКШ жана Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү көмөктөшүүдө. Шейшембиде уюмдун лидери Абдулмалик Риги Ирандын коопсуздук кызматтары тарабынан колго түшүрүлгөн. Ирандын чалгындоо министри Риги кармалаардын алдында АКШнын аскерий базасына барып кеткенин, ага чейин Европанын бир катар өлкөлөрүндө болгонун айтты. "Жундалла" тобу Ирандын шийи жетекчилигин сунилерди дискриминациялоо үчүн айыптап жүрөт. Уюм өлкөнүн түштүк-чыгышында орун алган бир нече кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG