Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:05

Түрк премьерине бут кийимин ыргыткан адам камакка алынды


Испан полициясы Түркия премьер-министри Режеп Таип Эрдоганга бут кийимин ыргыткан адамды камакка алды. Окуя кечээ кечинде Севилья шаарында болгон. Кээ бир кабарларга караганда, сириялык мигрант камакка алынып жатканда Жашасын Күрдистан деп кыйкырган. Түркия 1984-жылдан бери күрт козголоңчуларына каршы күрөшүп келатат. Мындан 2 жыл мурун ирактык журналист АКШнын ошол кездеги президенти Жорж Бушка батинкесин ыргыткандан бери, саясатчыларга нааразылыгын ушундай жол менен билдиргендер көбөйдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG