Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

Нарын: Электр энергиясынын кымбатташына каршы пикет өтөт


Аймактагы жарандык коомдун демилгелүү тобунун “Азаттыкка” маалымдашынча, нааразылык иш-чара бүгүн шаардагы “Нарын 70” деп аталган паркта уюштурулат. Кыш узакка созулган Нарында электр энергиясынын кымбатташы карапайым калк үчүн оор болоору айтылып, тарифтерди кымбаттатууга каршы буга чейин кол топтоо башталган. Нааразылык акцияны уюштуруучулар аларга жергиликтүү бийлик кысым көрсөтүп жатат билдирип жатат. Бийлик өкүлдөрү бул дооматты четке кагууда. Жыл башынан тарта Кыргызстанда электр энергиясы эки эсе, ал эми жылуулуктун баасы беш эсеге кымбаттады. (EBM)

XS
SM
MD
LG