Линктер

шейшемби, 21-февраль, 2017 Бишкек убактысы 03:07

Тажикстанда көз карандысыз гезиттер үстүнөн сот башталды


“Азия Плюс”, “Фараж”, “Озодагон” басылмаларынын үстүнөн сот кечээ башталды. Сотто тажикстандык үч судьянын аталган басылмаларга койгон доосу каралууда. Алар келтирилген моралдык чыгым үчүн гезиттерден 1,3 миллион доллар өндүрүп берүүнү суранып жатышат. Адам укугун коргоочу жергиликтүү жана эл аралык уюмдар бул ишти шайлоолор алдында көз карандысыз басма сөздү кысмакка алуунун кезектеги көрүнүшү катары баалашууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG