Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:40

Кубада саясий айыпкер ачкачылыктан каза тапты


Кубанын адам укуктары боюнча Көз карандысыз комиссиясынын билдиргенине караганда, 42 жаштагы Орландо Сапата Тамайо башкалаа Гавананын ооруканасында каза тапты. Мунун алдында түрмө шартын жакшыртуу талабы менен 85 күн боюу ачкачылык кармаган Сапатанын венасына дарыгерлер суюктук куюу менен анын өмүрүн сактап калууга аракеттенип жатышкан эле. Коммунисттик өкмөткө каршы аракеттери үчүн 25 жылга кесилген Сапата түрмөдө 2003-жылдан бери отурган. Эл аралык Мунапыс уюму аны Кубадагы башка 58 саясий айыпкер менен катар “абийир туткуну” деп жарыялаган. Кубалык укук коргоочулардын эсебинде, азыр өлкө түрмөлөрүндө 200дөй саясий айыпкер олтурат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG