Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:59

Грекияда бүгүн жалпы элдик иш таштоо


Анын натыйжасында мектептер, ооруканалар жабылып, коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учурары күтүлүүдө. Жеке жана мамлекеттик сектордун профсоюз уюмдары 24 саатка мерчемделген иш таштоону өкмөттүн айлык акынын өлчөмүн тоңдуруу, салык төлөмдөрүн көбөйтүү өңдүү антикризисттик чараларына каршылык билдирүү үчүн уюштурууда. Бүгүн ошондой эле миңдеген жумушчулар парламент имаратын көздөй жүрүш жасаган жатат. Бул аралыкта бүгүн Афинада грек өкмөтү менен Евробиримдиктин инспекторлорунун жыйыны болот. Сүйлөшүүлөрдүн соңунан, грек каржы министринин Йоргос Папаконстантинунун (George Papaconstantinou) айтымында, өкмөт бюджет таңкыстыгын кыскартуу боюнча кошумча чараларга барышы мүмкүн. Грекиянын каржы проблемалары акыркы апталарда Европанын бирдиктүү акчасы – евронун нарксызданышына алып барды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG