Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

АКШ Иранга кайрадан эскертүү жасады


Вашингтон Тегеранга анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча чыдамы түгөнүп жана сүйлөшүү үчүн берилген убакыт аяктап бара жаткандыгын эскертүүдө. Ак үйдүн маалымат катчысы Роберт Гиббс, эгер Иран уранды байытуу жөндөмүн арттыруну уланта бере турган болсо, олуттуу кесепеттерге кабыларын белгиледи. Мунун алдында Иран кечээ Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭге анын жана Батыш өлкөлөрүнүн сунушуна алгачкы расмий жообун берген эле. Иран бийлигинин катында алар өзөктүк реактор үчүн отун сатып алууга же аз байытылган өз уранын өзөктүк отунга жарагыдай болуп байытылган уранга алмаштырууга даярдыгы, бирок мындай алмаштыруу Ирандын аймагында гана жүргүзүлүүсү керектиги көргөзүлгөн. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Филип Кроули Ирандын сунушун "кабыл алынгыс" деп атады. Батыш өлкөлөрү Иранга алмаштыруучу уранын сыртка жөнөтүүнү сунуш кылган.

Ушул дүйшөмбү күнү Иран уран байытуу боюнча жаңы жайларынын экөөсүн аларды ыктымал аба соккуларынан коргоо үчүн тоо арасына курарын жарыялады. Иран өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн ырастап келет. Бирок МАГАТЭнин өткөн аптада даярдалган баяндамасында Иран балким азыр өзөктүк дүрмөт жасоонун үстүнөн иштеп жатат деген кооптонуу айтылган.

XS
SM
MD
LG