Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:08

Нарын шаар башчысы митингичилер менен жолугушууда


Нарын шаарынын мэри Алмаз Кулматов РТС аймагында митингге чогулган 800гө чукул адам менен жолугушуп, электр кубатына тарифтердин көтөрүлгөнү боюнча чогулган элдин үнүн бийликке жеткирерин убада кылды. Митингдегилер электр кубатына бааны төмөндөтүүнү талап кылып президентке, Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдой турган болду. Эгерде он күнгө чейин талаптары аткарылбаса Нарын шаарынын борбордук аянтында чоң митинг өткөрө тургандыктарын билдиришти. Митингди уюштуруучулардын айтымында, митингге 1500дөн ашуун адам, байкоочулардын баамында 800гө чукул, бийлик өкүлдөрүнүн айтымында 300 адам катышууда. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG