Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:54

Кыргызстанда убактылуу 1758 чет өлкөлүк жашай алат


Бүгүн Коммунисттер фракциясы “Кыргызстандын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча 2010-жыл үчүн иммиграциялык квотасын аныктоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулап, жактырды. Ага ылайык чет өлкөдөн убактылуу жашоо үчүн келген туруктуу инвесторлор, илим, маданият жана башка ишмерлердын саны 2010- жылы 1758 болушу керек. Чет өлкөлүк жарандар, иммигрант макамы барлар жана жарандыгы жоктор Кыргызстанда 5 жылдык мөөнөт менен убактылуу жашоо укугун ала алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш фракциянын жыйыны боюнча таратылган маалыматта айтылат.
2010-жыл үчүн иммиграциялык квотанын эсебин Эмгек, ишке жайгаштыруу министрлиги аныктап, долбоорду Жогорку Кеңешке сунуш кылган. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG