Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Ш.Дүйшеев 23-февралда 60 жашка чыкты


Кыргыз эл акыны, Б.Сарногоев атындагы сыйлыктын ээси Шайлообек Дүйшеев 1950-жылы 23-февралда Нарын облсунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. Кыргыз университетинин филология факультетин аяктагандан кийин “Нарын правдасында” кабарчы, Нарын радиосунда редактор болуп иштеген. 1983-жылы Бишкекке келип жети жыл Улуттук филармонияда адабият бөлүмүн жетектеген. Андан соң “Асаба” гезитинде башкы редактордун орун басары, “Чабалекей доор” басылмасында башкы редактор, “Жетимен” журналында адабий кызматкер, “Алас” гезитинде кабарчы болгон. Ш.Дүйшеев “Аптап”, “Кайдыгерлик”, “Арабадагы ыр”, “Шакен азган”, “Шамал” аттуу ыр китептеринин автору. 2004-жылдан бери “Азаттык” үналгысынын кызматкери. (AJ)

XS
SM
MD
LG