Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Баткенде милициянын ыкчам аракеттеги отряды үч эсеге көбөйдү


Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан бүгүн “Азаттыкка” билдиришти. Маалымат кызматы билдиргендей, өткөн жылда аталган отрядга кошумча орундар берилип, кызматкерлердин саны үч эседей көбөйгөн. Мындан сырткары министрлик тарабынан атайын куралдар жана жаңы кийим-кечелер берилип, өзүнчө имарат менен камсыздоо маселеси да чечилген. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын карамагындагы ыкчам аракеттенүүчү атайын отряддын түзүлгөндүгүнүн он жылдыгы 26-февралда белгиленет. Салтанатка министрликтен, жергиликтүү бийликтен коноктор чакырылып, спорттук иш чаралар жана атайын багыттагы отряддын кылмышкерлерди кармоо өңүтүндөгү өнөрлөрү көрсөтүлөт. (JsA)

XS
SM
MD
LG