Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:38

БЭК Элдик кеңешти катарынан чыгарды


Бириккен Элдик кыймылдын бюросу бүгүнкү чечими менен Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев баштаган Элдик Кеңештин мүчөлөрүн өз катарынан чыгарды. Муну БЭКтин келишимин бузду деп негиздеди. БЭКтин мурдагы мүчөлөрү буга чейин жаңы кыймыл түзүп, муну айрым маселелер боюнча пикирлер келишпей жаткандыгы менен негиздешкен. Буга чейин БЭК өз катарынан президенттик шайлоого өз алдынча талапкер катары катышкан Темир Сариевдин “Ак шумкар” партиясын чыгарган.
БЭКтин негизин учурда СДП, “Ата мекен”, “Улуу Биримдик”, “Жашылдар” баштаган саясий партиялар, коомдук уюмдар, саясий-коомдук ишмерлер түзөт. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG